"Биздин маалыматтар боюнча депутат Аскарбек Шадиев эч жакка чыккан эмес", - деп SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Буга чейин депутаттын жардамчысы 27-апрелде Шадиев дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирген болчу.
Бул маселе боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы "сыртка чыгып кеткен жарандар боюнча маалыматты тийиштүү органдарга гана бере алабыз" деп жооп берди.
Шадиевдин фракциялашы Игорь Чудинов аны менен акыркы жолу өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында көрүшкөнүн маалымдады.
Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган. Буга чейин Шадиев ооруканада дарыланып жатканын, качан чыгары белгисиз экенин анын жардамчылары айтышкан.
Ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.
Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.