Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдики делген билдирүүнү 24.кг маалымат агенттиги таратты. Бул билдирүүнүн астында кол коюлганын жана ал 2-ноябрда жазылганын көрсө болот.
Шадиевдин билдирүүсүнүн толук тексти:
"Акыркы күндөрү менин атым аталган бир топ түрдүү маалыматтар чыкты. Айрыкча, Борбордук шайлоо комиссиясынын мени депутаттык мандаттан ажыратканы тууралуу кабар. Ага ылайык, мен өз каалоом менен "Бир Бол" фракциясынан чыгып, депутаттык мандаттан ажыраптырмын. Ошондой эле мага козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктап, биринчи соттук отурум дайындалыптыр.
Буга байланыштуу мен коомчулукту айланамда болуп жаткан окуялар боюнча маалымат берүүнү чечтим.
Биринчиден, фракциядан чыгуу жана депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазган эмесмин. Менин партиялаштарым "Шадиев кол койгон" делген кагазга ишенсе, анда алар алданып калышты. Мен андай кагазга кол койгон эмесмин жана бүгүнкү күнгө чейин бул маселе боюнча эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Партиялаштарым, партияны чогуу түзгөн депутат-кесиптештерим мындай жасалмалоого барат деп ишенбейм. Менин оюмча, аларды Бишкектен бирөө эптеп жасап койгон жасалма арыз менен пайдаланып кетишти. Ошол эле учурда кырдаалды түшүнүп, мандатымды талашпайм. Мени мандаттан ажыратуу маселесинде мыйзамды одоно бузуу орун алды деген пикирдемин.
Экинчиден, мага козголгон кылмыш иштеринин бардыгы саясатташкан, ойлоп чыгарылган жана негизсиз. Менин эч кандай күнөөм жок, ниетим таза.
Чыңгыз Айтматовдун премиясы боюнча кылмыш ишинин негизинде соттолгон Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Арсен Закиров мени чаташтырып койгонун моюнга алып, УКМКдагы беттештирүүдө да муну ырастап, уурдалган акчаны дароо толугу менен төлөп берген. Буга карабай Башкы прокуратура мага "Кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп жатат. Мени эптеп камоо же башка жол менен жазалоо аракети жүрүп жатканы көрүнүп калды.
Ошондуктан өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүнү чечкем. Мен мамлекеттик чек арадан жаран катары өткөм, буга укугум бар. Ошондуктан чек араны мыйзамсыз өттү деп айыптоо туура эмес. Мындай айыпты башка өлкөдөн тагышы мүмкүн. Мен Кыргыз Республикасынын жараны болсом, кантип мени чек арадан өттү деп айыпташы мүмкүн. Баткен облусунун жүздөгөн жарандары күндө ID паспорту менен каттоосуз чек арадан өтүшөт. Бирок кылмыш иши мага гана козголуп жатат.
Кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча үчүнчү кылмыш иши да ойлоп чыгарылган. Менин ишкер экенимди жана студент кезимден бери ишкерлик менен алектенгенимди өлкөдө көбү билет. Прокуратуранын токтомунда белгиленген көптөгөн банктарда менин эсептерим эч качан болгон эмес. Ал эми мен башкаларга тапшырган компаниялар өздөрү өнүккөн, аларга коммерциялык насыялар алынган.
Менин айланамда болуп жаткандын бардыгы - бул саясий куугунтук. Мени саясий аренадан чыгарып, мүлкүмдү тартып алуу аракети болуп жатат. Бардык айыптоолор негизсиз.
Өлкөдө болуп жаткан окуялардан улам адилеттүү соттук териштирүүгө ишениш болбой калды. Дагы жаңы кылмыш ишин козгоп коюшу мүмкүн. Систем алдын ала даярдалган өкүмдү чыгарып коёт.
Адилеттүүлүк жеңет деп үмүттөнөм жана коом алдында таза экенимди далилдөөгө колдон келишинче бардык аракеттерди жасайм", - деп жазылат билдирүүдө.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.
25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башка прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.