Быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев билдирүү жасаганын 24.кг маалымат булагы жазып чыкты.
Анын айтымында, ага козголгон 3 кылмыш иши саясатташкан жана ойлоп чыгарылган. "Менин эч кандай күнөөм жок, мен тазамын. Мени эптеп камакка алуу аракети болуп жатат. Ошондуктан үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгом. Менин айланамда болуп жаткан окуялардын бардыгы - бул саясий куугунтук: мени саясий аренадан чыгарып, мүлкүмдү ээлеп алуу аракети. Өлкөдө болуп жаткан окуяларды көрүп, адилеттүү соттук териштирүүгө ишенүүдөн пайда жок болуп калды. Жаңы кылмыш ишин козгоп да коюшу мүмкүн. Систем алдын ала даярдалган өкүмдү чыгарып коёт", - деген пикирде Шадиев.
Мындан тышкары ал Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан чыгуу боюнча эч кандай арыз жазбаганын айтты. "Менин партиялаштарыма жасалма арыз берип алдап коюшту. Бул маселе боюнча эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин. Бирок кырдаалды түшүнүп, мандатымды талашпайм. Мени депутаттык мандаттан ажыратуу - мыйзамды одоно бузуу. Коом алдында таза экенимди далилдеш үчүн колумдан келишинче бардык аракетимди жумшайм", - дейт экс-депутат.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.
25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.