Митингге чыккан Тогуз-Торо районунун тургундары "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын директору Максат Жээналиевге чара көрүүнү талап кылды.
Алардын айтымында, алтын ылгоочу комбинатты курууга кытайлык инвесторлорду Максат Жээналиев алып келген. Митингдин 88 жаштагы Токтосун Акматов аттуу катышуучусу камакта отурган элди бошотуп, жооптуу адамдарга чара көрүү керектигин айтты.
"Президентке үнүбүз жетпей жатат. Максат Жээналиев дегенди камаш керек. Аны камабаса биз ыраазы эмеспиз. Мүлктөрүн да алыш керек. Бир район элин ызы-чуу кылды. Балдар уулана турган болсо ким эле өрттөбөй коёт? Ошого чейин чечип койсо болот эле го. Алар өздөрү үчүн эмес, балдары, неберелери үчүн комбинаттын имаратын өрттөдү", - дейт Токтосун Акматов.
Бүгүн Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.
Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалган.