Ак Үйдүн алдына митингге чыккан Тогуз-Торонун тургундары: "Кармалган 15 адамды бошотпосо кетпейбиз"

Ак Үйдүн алдында Тогуз-Торо районунун тургундарынын митинги уланууда. Айрым катышуучулар Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаровго жолугуп чыгышты.

Алардын айтымында, комитет төрагасы талаптар өкмөткө жеткириле турганын убадалады. "Биз комбинатты куруп жаткан компанияга тиешеси бар адамдарга чара көрүүнү, камалып жаткан 15 адамды жок дегенде үй камагына чыгаруу талабын койдук. Комитет төрагасы айткандарыбызды угуп, өкмөткө жеткире турганын убадалады", - дешти алар.

Бүгүн, 17-апрелде Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nuri1
2018-04-17 15:47:39
Колу менен кылгандарын, мойну менен тартышсын. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп отуруп калбаш керек. Мыйзам иштеш керек.
-12
romaantik
2018-04-17 15:49:59
nuri1,Ошол мыйзамын ак үйүңдүн жетинчи кабатынан баштап иштесин. Күчү жеткендери карапайым эл
+13
Nibiru.
2018-04-17 16:34:31
romaantik,карапайм эл деп эле башаламандык кылып,талкалап,орттой бериш керек эмес да. Тынч митинг откоруш керек.
-3
pat12
2018-04-17 16:25:27
Же заводторубузду иштетпесек, кендерибизди иштетпесек, анда кантип жумуш орундарын тузобуз. Кун сайын мигранттардын саны осо берет. Анан айтасынар жакырчылык деп. Ачка отура беришсин. Орттоп.
-5
grace
2018-04-17 17:12:49
Кытайлар уруксаты жок куруп жаткан. Аларды жазалабастан өз ден-соолуктарын, экологияны коргогон элди камаган бийликке наалат! Кытай алтынды түгөлү менен ташып кетет! Жер ууланып өлүк жерге айланса эл кайда барып жан сактайт? Андан көрө жер-жемиш өстүрүп, малын багып таза аба менен урпактарга өткөрүп берели. Кытайдан эч качан жакшылык келбейт.
+3
take19
2018-04-17 17:23:58
Кытайдын заводу 5 миллион доллар экен. Аны ким төлөйт? Кайра эле мамлекетке зыян келип атат. Жапайычылык кылбай ойлонуп иш кылыш керек да.
-4
1988kazarmankg
2018-04-17 17:46:56
take19,ал жерге курганга толук документи буто элек экен. жанталашпай документтерди толук бутуруп,элге тушундуруу иштерин жургузуп,коомдук угууларды кылып анан курса болот беле? документи толук бутпой курган инвесторду ким жазалайт?
0
1988kazarmankg
2018-04-17 17:55:37
сенин корооно чекесине уруксат кагаздары жок эле мен там салып уулу заттарды иштетсем карап отура бермек белен?
+4
aydinnur
2018-04-17 18:11:46
Талкалап коюп олтура берели.. Ата-энелерибиз пенсияны кайдан алат деп...
-1
Snejana
2018-04-17 19:26:30
Митингге чыкпагыла. Атамбаев болсо корот элем. Шорунарды шорподой кайнатмак. Ким башаламандык уюштурса, камалсын! АШАнын убагында тынч митингге дагы тыюу салынган. Митинг откоргондордун жумушу жокпу. Биздин айылда, сийгенге убакыт жок болуп атат.
-1
jbolotov
2018-04-17 23:01:39
Митингке чыккандарды Кыргыз элинин мекенчил жаштары деп тушуном. Мамлекеттик макулдук документтери жок Кытай компаниясы кантип иштеп аткан болчу? Демек мекенибизди жеп аткан. Жетекчилер сатылып кетсе мекенчилерди камаган заман болуп атат.
0
jbolotov
2018-04-17 23:06:43
Тажикстан Кытайга карызын толой электе Алтын кенин алып коюшуптур, сабак болсун бул бизге. Атамбаев Кытайдан карыз алып атканда мекенди ойлобой лиж бы алаберген экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан