Бүгүн, 19-апрелде Тогуз-Торонун тургундары кайрадан митингге чыгышты. Алар камакта жаткан 12 адамды бошотууну талап кылышууда.
Учурда Ак Үйдүн алдында өтүп жаткан митингге 50гө жакын адам чогулган. Алардын ичинен 20 адам бүгүн эртең менен Тогуз-Тородон Бишкек шаарына келген.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и Бишкекке алынып келип, камакка алынган. Алардын үчөө аял болсо, биринин эмчектеги баласы бар.
Аларды бошотуу талабы менен эл район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан. 17-апрелде саат 20:00 чамаларында Биринчи Май райондук соту камакта отургандардын баш коргоо чарасын карап, үч аял жана бир мектеп окуучусун өлкө аймагынан чыкпоого милдеттендирүү менен үйүнө бошотуп, калганын эки айга камакта калтырган.