Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кармалган Айбек Калиев менен Салайдин Авазов жана Жолдошбек Назаров тергөө аяктаганга чейин камакта болушат.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 19-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялар" ишканасынын мурунку директору Салайдин Авазовго, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("коррупция") 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулган. Ушул эле берене менен күнөөлөнүп жаткан "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурунку төрагасы Айбек Калиевге да айыбы угузулду.
Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, үчөө тең тергөө иштери аягына чыкканга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалышат.
ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалгандардын тизмеси.