Райондук сот Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев жана Салайдин Авазовдун абакта калуу мөөнөтүн узартты

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, "Улуттук энергохолдингдин" мурунку башчысы Айбек Калиев, "Электр Станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана ТВЕА компаниясынын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлү Мусажан Макелектин баш коргоо чарасын карап, алардын камакта калуу мөөнөтүн 2 айга узартты.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар 13-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Айта кетсек, 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ал эми Айбек Калиев 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматынан бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 17-апрелде Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tolkun555
2018-08-08 23:14:26
Жакшы болуптур.буларды багып эле отура бербей мулкун баарын мамлекетке откоруп чыгарып койгула.бизге кошулуп Россияга келип стройкага иштесин.жакында дагы бир обьект алабыз.
+15
aralbek
2018-08-09 00:04:48
Россияда монетканын складына грузчик-комплектовщик кылып иштетиш керек буларды
+1
talaa11
2018-08-09 01:44:01
Уй мулкун баардыгын окмотко алгыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан