Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум өттү (видео)

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминерге козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум болду. Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары сотко кененирээк зал менен камсыздоо өтүнүчүн билдиришкен. Бирок бул өтүнүч четке кагылган. Бүгүн сот залына айыпталуучулардын туугандары киргизилген жок, мындан тышкары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сот залына киргизилгени менен, видеокамерага отурумдун жүрүшүн тартууга уруксат берилген жок. Жарым саатка кечигип башталган отурум он мүнөткө жетпей келе жаткан жуманын шаршемби күнүнө жылдырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2019-04-03 19:06:32
Ушинтип жылдырып - жылдырып бир күн жатканын беш күн жатты деп санап калп эле беш жылга кармаган болуп, анан отурган күнүн санап чыгарып жибере турган болуп калды бир болсо
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан