ЖЭБ соту: Сапар Исаков күбөлөр отурумга келбегендиги үчүн судьядан баш тартарын айтты

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Сот отуруму Исаков, Калиев, Сатыбалдиевдин негизги күбөлөрү болгон Асанова, Хафизов жана эксперттердин суракка келишин талап кылуусу менен башталды. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков: "Ар бир соттук отурумда суракка Асанова менен Хафизовдун чакыртылышын өтүнөм. Бүгүн аларды күч колдонуу менен алып келинишин талап кылам", - деди.

Буга мамлекеттик айыптоочулар каршы экенин билдирди: "Учурда Асанова жүрөк оорусуна байланыштуу отурумга катыша албайт. Ал тергөө ишине керектүү көрсөтмөлөрдү берген", - деди.

Сот залында отургандар жана жактоочулар Асанованын жүрөк оорусуна байланыштуу келе албайт деген негизине нааразы болушту. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Азыр заманбап жашоо. Эгер ал соттук отурумга келе албаса, телекөпүрө уюштуруп же WhatsApp аркылуу деле көрсөтмөсүн алса болот", - деп эскертти.

Жактоочулар аталган күбөлөр мамлекеттик айыптоочуларга гана керектүү көрсөтмөлөрдү бергенин, ал эми жактоочулардын суроолоруна жооп бере элек экенин белгилеп өтүштү. Сапар Исаков судьяга жана мамлекеттик айыптоочуларга нааразы экенин билдирип: "Иште түшүнбөгөн, такталбаган жагдайлар болбош үчүн жок дегенде Асанованы алып келишиңер керек эле. Болбогон шылтоону айтып, ишти бир жактуу карап жатасыңар. Адамкерчиликтүү болуш керек да", - деп эмоционалдуу жооп берди.

Мындан соң Исаков, Калиев судьядан баш тартарын айтышты.

Евгений Хафизов менен Г.Асанова ЖЭБди жаңылоодо келтирилген зыянды эсептеген эки күбө. Асанова Мамлекеттик курулуш агенттигинде иштейт, Хафизов "Энергопроект" ишканасынын жетекчиси. Айыптоо корутундусунда аталган сумма эксперттердин эсебине негизделген. Мындан улам айыпталуучулар ал эки эксперттин сотко келүүсү маанилүү деп талап кылышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2019-11-06 11:46:07
Сапар деле озу ооруп калганда келе алган жок эле го. Эми кантип озунун башындагы тоону корбой бироонун башындагы чопту коргону кандай.
-1
altyn-kumush
2019-11-06 11:49:41
Absamat-90,туура айтасың
-2
Ernestinio
2019-11-06 11:48:08
а где была ваша человечность когда вы покупали лошадки и столы для музея за кучу денег, плоскогубцы за 630 долларов для тэц, тратили деньги на ипподром направо и налево... где была ваша человечность?
-2
altyn-kumush
2019-11-06 11:49:13
Сапар канча жолу соттон баш тартса да баары бир ага өкүм чыгат. Өзү татыктуу болгон жазасын алсын.
+1
Altyn.bala
2019-11-06 13:12:11
баягылар эле экенсинер да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан