Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жемкорлук боюнча соттук отурум өтүүдө.
Бүгүнкү отурум айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү менен башталды. Биринчи болуп Сапар Исаков баштады. Ал алгач эле судьядан Евгений Хафизов менен Асанованын учурда кайда экенин сурады. "Алар кайда? Силер бир канча жолу кат жөнөттүңөр. Эмнеге бул жакка келишкен жок?", - деди Исаков.
Судья аларга кат жөнөтүлгөнүн учурда аларды таппай жатышкандарын айтты.
Исаковго Жылуулук электр борбору тууралуу көрсөтмө берүүгө сөз берилди. Бирок мамлекеттик айыптоочу Исаковго суроо берилип, ал ошого гана жооп бериши керек экенин айтты.
Мындан улам жактоочу Замир Жоошев Исаковго алгачкы суроолорун бере баштады.