20-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын чукул жыйыны өтүп, ага премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Абылгазиев: "Өкмөттүн курамына профессионалдар келиши керек болгон. Ошондуктан сунушталган курамда жаңы адамдар да бар. Бир-эки күндө өкмөттү жаңылоо мүмкүн эмес", - деп айтты.
Фракция лидери Шыкмаматов Абылгазиевге кайрылып: "Өмүрбек Текебаевге абакта бир нерсе болсо, жаңы бийлик жооп берет. Мен кечээ угуп аябай начар абалда болдум. Текебаевдин жанына буга чейин адам өлтүрүп камалган адамды алып келебиз деп жатышыптыр. Аялы ыйлап мага чалып жатат. Ошондуктан бул маселени көзөмөлүңүзгө алыңыз", - деп тапшырма койду.
Депутат Каныбек Иманалиев премьерликке талапкерге коррупцияны токтотуу керектигин айтты. "Сегиз жылдан бери "Энергетикалык холдингде", "Кыргызалтында", бажыда, аэропортто "Ата Мекендин" кишиси кароолчу болуп да иштебейт. Бир эле партиянын кишилери иштей береби? Ал жактарга "Ата Мекендин" эмес, бирок кыргыздын мыктылары иштеши керек. Кыргыз мамлекетин өнүктүрүү үчүн үч эле шарт керек. Биринчиси - темир жолду өнүктүрүү, экинчиси – коррупцияны токтотушубуз зарыл. Коррупция - бүгүнкү чиновниктердин жалпы казынасы. Үчүнчү – реформа. Сиз эгерде 3-6 айда, бир жылда реформа кыла албасаңыз, биз да сизди колдой албай калабыз. Айрыкча ИИМде, УКМКда реформалар керек", - деди Иманалиев.