Өмүрбек Текебаевге операция жасалат (диагноз)

Өмүрбек Текебаевдин абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына Травматология жана терапия илимий-изилдөө борборунун директору, профессор Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Текебаевдин омурткасында мурдатан чоң кесел бар экен, өнөкөт оорусу бар. Буга чейин Улуттук госпиталда омурткасына операция болгон. Биз текшерип карап көрсөк, омурткасынын эки жеринде чоң грыжа бар экен. Грыжалар жүлүндү көздөй чыгып кетип, жүлүндү кысып, буттарына берип жатат. Муну операция жолу менен дарылашыбыз керек. Биз операцияга даярдап жатабыз, жакынкы арада болушу мүмкүн.

Андан тышкары жүрөгүндө да оорусу бар. Ошондон улам биздин операция кечигип жатат. Жүрөгү даяр болгондо, биз омурткасына операция жасап беребиз", - деди Жумабеков.

Буга чейин 31-майда Өмүрбек Текебаев 47-колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. 29-июнда анын бели ооруп, Травматология жана терапия илимий-изилдөө борборуна которулган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. Бүгүн, 16-июлда Жогорку Сот бул ишти жаңы жагдайлардын ачылганына байланыштуу кайра кароону 21-августка жылдырды.

Жумабеков: "Текебаевге операция жасалары күтүлүүдө"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Siren.ms
2019-07-16 22:53:08
Кайраттуу болуп жакшыле карманып атат байкуш ден соолук техникадай эле немеда ондосон деле бузула берет куч кубат бересин аз калды буйруса чыгасыз
+5
ainura220888
2019-07-17 04:08:52
Биздикилер камалганда шарт ооруп калышат элдин акысын жегенде аттай журушот
-1
senchi
2019-07-17 17:35:40
Чыгып туруп бир тыркыратчы чекеден
0
alibekova94
2019-07-17 19:16:47
Жегенде да ооруса экен , турмого тушсо эле чекеден ооруп калышат. Ооругандан башка жолу жокбу эмне.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан