"Ата Мекен": "Текебаев өзү отурган камерага видеобайкоо орнотууга каршы. Ал онлайндагы видеобайкоо болгондуктан аны кимдер көрүп жатканы белгисиз"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев отурган камерага өзүнүн макулдугу менен видеобайкоо орнотулганын бүгүн, 29-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашкан. Бул анын коопсуздугу үчүн жасалган аракет экендиги айтылган.

Бирок "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова Өмүрбек Текебаев камерасына видеобайкоо орнотулганына каршы экендигин SUPER.KG'ге айтып берди.

"Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы туура эмес маалымат таратып жатат. Анткени Өмүрбек Текебаев видеобайкоону камеранын ичине коюуга каршы болуп, сыртына коюуга макулдук берген. Башкача айтканда, камеранын кире беришине. Мыйзам боюнча анын макулдугу жок видеобайкоо орнотууга эч кимдин укугу жок. Ал киши террорист же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес да, макулдугу жок эле видеобайкоо орнотууга.

Биздин билишибизче ал онлайн видеобайкоо экен. Текебаевди онлайн көрүүгө айрым гана адамдардын мүмкүнчүлүгү бар деп жатышат. Кимдер карап жатканын кайдан билебиз? Мүмкүн, уюшкан кылмыштуу топтор карап жаткандыр. Бул жерде тескерисинче, ал кишинин коопсуздугуна коркунуч жаралып жатат. Бул моралдык жактан чоң сокку. Анткени же далыңды тырмай албайсың же жакшы жатып уктай албайсың. Кечээ жактоочусу Искен Афиджанов кирип чыкты. Ага да каршы экендигин айтыптыр", - деди Токтакунова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mers124
2018-01-29 20:06:04
Аша карап жатайын деген го. Сагынгандыр
+16
Azatbek83
2018-01-30 01:07:38
Mers124,Туура айтасын бир болсо Аша сагынып куса болуп жатат.Же болбосом коркуп жатат!
+3
Adil706070
2018-01-29 20:41:30
камерасына байпагын илип салсын дагы уктай берсин.Омурбек Чиркешовичтин байпагын карап отура беришсин
+18
Medina87
2018-01-29 20:44:19
Adil706070,
Боорум эзилип калды
+7
Adiletia
2018-01-29 20:50:51
Adil706070
Молодец эй, жардың просто
+7
Kojo1995
2018-01-29 23:51:19
Текебаевти колдошубуз керек эле кыргыз эли
+6
Zynk.kg
2018-01-29 20:56:31
Ич кийимин эле илип койсунда бир жолу,Текени Атасы байлар гана коргусу келсе керек.
+6
anash
2018-01-29 22:02:18
Bular jon koigon jeri jok erten korosunor ozuno ozu kol sady dep aytat birok Tekenin omurun bersin...uwul adam kerek eleda kyrgyz eline
+4
Shokoladka94
2018-01-30 00:01:18
Турмодо отурса да коркуп жатышкан го Текебаевден, карап отургулары келгенине караганда. Аман-эсен ушулардын камагынан чыгышын каалайм!
+3
HAKER-KG
2018-01-30 07:02:17
Туура алып салганы эле жакшы эгер онлайн козомол болсо через интернет мен дагы коргонго болот любой онлайн камераны бузуп кирип корсо болот дуйно жузунун 60-79%тин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан