"Экс-президентти суракка алууга, камакка алууга, жоопко тартууга болбойт" деген чектөөлөрдү алып салыш керек". Мындай пикирин SUPER.KG порталына 24-апрелде жарандык активист, юрист Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын белгилешинче, мыйзам алдында бардык жарандар бирдей, керек болсо президентти дагы импичмент жарыялап, жоопко тартса болот. "Ал эми экс-президент элден өзгөчө болуп калууда. Ал кандай иш кылбасын, жоопкерчиликке тартууга мыйзамдын күчү жетпей калат", - дейт юрист.
"Мен Жогорку Соттун Конституциялык палатасына кайрылып, аталган талаптарымды коюп жатам. Экс-президенттер негизинен саясатка кайра келбейт. Ал эми биздин экс-президент саясатка кайра келем деп жатат. Эгер ал жөн жүрө берсе, бул маселени көтөрбөйт болчумун", - деп түшүндүрдү Токтакунов.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, экс-президентке бир нече артыкчылыктар каралган. Эң башкысы - ал кол тийбестик укугуна ээ. Бул артыкчылык экс-президентти өлкө башчы учурундагы жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тартылышынан, ошондой эле кармалышынан, камакка алынышынан, тинтүүгө, суракка алынуусунан сактайт.