Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыраткан мыйзамга кол койду

Сооронбай Жээнбеков "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул мыйзам экс-президенттерге карата бирдей колдонулат. Ошондой эле экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан