Бүгүн Жогорку Кеңеште экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууну көздөгөн мыйзам долбоору талкууланат

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууну көздөгөн мыйзам долбоору карала баштайт. Анын авторлору депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев.

Курманкул Зулушев билдиргендей, экс-президенттерден кол тийбестик укугу алып салынышы керек.

"Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Ал президенттин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Бул норма бүгүнкү учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын нормаларына карама-каршы келет. "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынан бул берене алынып, күчүн жоготушу керек", - деген пикирде Зулушев.

Исхак Масалиев: "Бул абдан коомчулукка талкууланган долбоор болуп жатат. 2006-жылы, 2010-жылы, 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилгенде экс-президентке кол тийбестик норма алынган кызматты тапшыргандан кийин мыйзам алдында бардыгы тең болушу керек деген сөз болгон. Ушул себептен долбоорду киргизип жатабыз. 2011-жылы экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Алмазбек Атамбаев сунуштаган болчу. Кийин Юстиция министрлиги бул долбоорду жөнөтүп, бизге жетпей өкмөттө калып калган", - деп айткан.

Буга чейин аталган долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде 1-окууда жактырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан