Конституциялык палата юристтин экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу сунушун карады

Нурбек ТоктакуновКыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы юрист Нурбек Токтакуновдун экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча сунушун карады.

Маалыматка караганда, анын сунушу 1-июнда каралган.

Токтакуновдун айтымында, экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам башка жарандардыкынан айырмаланып, тең укуктук жоголууда.

"Эми Конституциялык палата 5 айдын ичинде менин сунушумду толук карап, чечим чыгарууга милдеттүү. Бул иште Жогорку Кеңеш шашылбастан, сотторго катышып, өздөрүнүн көз карашына ээ болушу керек", - дейт юрист.

Эске салсак, Токтакунов апрель айында Конституциялык палатага экс-президенттердин кол тийбестигин алуу сунушу менен кайрылган.

Буга чейин депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттердин кол тийбестик макамы жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан