Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылды. Бул тууралуу ал өзү билдирип, чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады. Бирок эмне маселе боюнча чакырылганын ачыктаган жок.
Маалым болгондой, эгер Исаков бүгүн саат 15:00дө УКМКга жүйөлүү себепсиз барбаса, ал мажбурланып жеткирилмекчи.
Айта кетсек, 19-апрелде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.