Сапар Исаковго карата козголгон кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук сотко Сапар Исаковдун иши менен бирге коррупцияга айыпталып жаткан дагы 7 адамдын иши өткөрүлүп берилген.
"Жазык-процесстик кодекстин 254-беренесинин негизинде прокуратура ишти сотко өткөрүп жатып айыпталуучунун жактоочусуна маалымдашы керек болчу. Бирок прокуратура бул тууралуу бизге эч кандай билдирүү берген жок, иштин сотко өткөнүн журналисттерден угуп, кийин Свердлов райондук соту муну тастыктады.
Ишти кароо сот Инара Гилязетдиновага тапшырылыптыр. Мен катышкан мурунку иштер боюнча бул сот тууралуу менде тажрыйбалуу адис деген жакшы пикир калган. Бирок президенттик институттан ага басым болот деп божомолдоп жатам, анткени соттук системге дайыма эле өздөрүнүн чоң таасирин тийгизип келүүсү салтка айланып калган", - деп жазылат жактоочунун маалыматында.
Ошондой эле Токтакунов Жазык-процесстик кодекс боюнча соттук иш өткөрүлгөндөн кийин алдын ала уктуруу өткөрүүгө 10 күнү бар экенин белгилеген. Анда айтылгандай, ал 19-февралда жабык өтүшү мүмкүн.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.
1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.