24-июлда Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын айтымында, соттук отурум жабык эшик артында өттү. Сапар Исаковду камакта калтыруу чечими күчүндө калтырылды.
Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ишин карап, аны 2 айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга анын жактоочусу каршы болуп Жогорку Сотко кайрылган.
Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.