Сапар Исаков: "Тергөөдөн качып жатат деген сөз болбош үчүн Москвага баруудан баш тарткам"

"Орусияда өтө турган маанилүү жыйынга барууга тергөөчү уруксат бергенине карабай андан баш тарткам", - деп бүгүн, 9-августта мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баш коргоо чарасы каралып жатканда айтты.

"Мен суракка 10-15 мүнөт эрте келип жаткам. Анткени мен үчүн абийир баарынан жогору турат. КСДПнын төрагасынын орун басары катары Орусияга маанилүү жыйынга барууга тергөөчү уруксат берген. Качып жатат деген сөз болбош үчүн жыйынга баруудан баш тарткам. Ошондой эле тергөөчүнүн талабы боюнча ID-карт, жалпы жарандык жана дипломатиялык паспортторумду өткөрүп бергем", - деди Сапар Исаков.

Бүгүн, 9-августта Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду эки айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Биринчи Май райондук соту 31-июлда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узарткан. Соттун чечимине ылайык, Исаков 5-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан