Атамбаев: "Исаковду жана Кулматовду камакка алуу – бул коррупция менен күрөшүү эмес" (билдирүүнүн толук тексти)

Экс-президент Алмазбек Атамбаев саясий билдирүү жасады. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүнүн тексти:

"Мурдагы премьер-министр, КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаковду жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы, биздин партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурасындагы кечээки чечим – бул коррупция менен күрөшүү эмес.

Коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы акыл-эске сыйбайт. Сапар Исаковдун өкмөтү ушул жылдын 4 айынын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнөн 5 миллиард сомго жогорулашын (профицит) камсыз кылды. Мындай көрсөткүчкө эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында алгачкы жолу жетишилди. Мында Исаков менен Кулматов коррупционерлерден тазалай баштаган бажы органдарынан түшкөн төлөмдөр негизги ролду ойноду.

Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим - бул иш жүзүндө бажы кызматынын "көмүскөй кардиналы" аты белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу.

Ошондой эле президенттин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы Сапар Исаков да, Бишкектин мэри болуп турган Кубанычбек Кулматов да тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. Укук коргоо органдарына иштин маңызын өз алдынча териштирип алууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн мен ушул убакка чейин ачык билдирүүлөрдү жасоодон карманып келдим. Бирок мен бүгүн аларга Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам.

ЖЭБди Кытайдын насыясынын эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде иш аткаруучу Кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү жана ошондой эле гранттык каражаттарды Калыс Ордо конушундагы мектептин курулушуна багыттоо жөнүндөгү чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ар тараптуу талкуулангандан кийин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Мындай чечимдерди кабыл алууда өлкө президентинин негизги ролу, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигинин таңкыстыгы, мамлекет башчысынын тышкы саясаттагы милдеттери, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу менен шартталган.

Максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн чыңдоо болуп эсептелген башка улуттук долбоорлор жөнүндө да ушуну айтса болот. Анын ичинде: “Датка-Кемин”, “Датка” жана “Кемин” көмөкчү чордондорунун курулушу, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу, “Кыргызгаздын” инфраструктурасын “Газпром” компаниясына өткөрүп берүү, ГЭСтердин Жогорку Нарын каскадын курулушу, Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реконструкциялоо, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата объектилердин курулушу, 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгына карата масштабдуу иш-чараларды өткөрүү, Тарых музейин реконструкциялоо жана башка көптөгөн стратегиялык объектилер жана иш-чаралар бар.

КСДПнын активдүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Салайдин Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм.

Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында иш жүзүндө өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды. Буга далил болуп, мисалы, өткөн 2017-жылдагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында эч кандай куру кыйкырыгы жок эле бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган болсо, ал эми бул жылдын көрсөткүчтөрү азырынча алда канча төмөн.

Жоопко Сапар Исаковду эмес, эгерде тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү фактылар аныкталса, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү аварияга жол берип, Бишкектин тургундарын тоңдурган күнөөкөрлөрдү, материалдарды, жабдууларды жогорулатылган баалар менен сатып алгандарды тартыш керек.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын учурдагы директору сыяктуу элпек достору президент Сооронбай Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, а ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн маалымат жыйынымда айтканга аргасыз болдум.

Апрель ыңкылабынан кийин КСДП өлкөдө стабилдүүлүктү орнотууга жана Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсүнө ири салымын кошту. Биз тынчтыкты жана элибиздин биримдигин ар тараптуу коргоого милдеттүүбүз. Мунун кепилдиги - адилет бийлик. Бул дайыма эсибизде болууга тийиш.

КСДП иш-аракеттерин мыйзам жана Конституциянын алкагында гана жүргүзөт, мыйзамдуулукту талап кылат, жарандардын, партия мүчөлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт. Ошол эле маалда, урматтуу мекендештер, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн мен сиздерди укуксуз ыкмаларга барбоого чакырам.

Кыргыз эли жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин козголушунун чын себептерин эртедир-кечтир билет жана өз калыс баасын берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан