Бүгүн саат 09:30да Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду эки айга, тагыраагы, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.
26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.