"Өмүрбек Текебаев Улуттук онкология борборуна анализ тапшырды" дейт жактоочусу

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Улуттук онкология борборуна анализ тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"2015-жылы дарыгерлер Текебаевдин калкан сымал безинде рак оорусуна шек бар экенин айтышкан. Бирок "рак менен ооруйт же оорубайт деп айта албайбыз" дешкен. Операция жолу менен алып коюу керектигин билдиришкен. Ал эми Түркиянын дарыгерлери жарым жыл сайын текшерилип туруу зарылдыгын айтышкан. Ал эки жылдан бери текшериле элек. Улуттук онкология борбору дагы "ооруйт же оорубайт деп айта албайбыз" деген бир жаксыз анализ чыгарып беришти", - дейт Токтакунова.

Жактоочу билдиргендей, учурда Текебаев Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

Буга чейин Текебаев медициналык кароодон өтүү үчүн Улуттук кардиология борборуна чыгарылганы маалымдалган.

Былтыр жаз мезгилинде Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bazake
2018-08-16 16:26:38
Атамбаев эле жайлап койду бул кишини. Көкүрөк кагып мен кыйынмын деп жатты эле. АШАга алы келбегенден кийин кандай ийгилик кутобуз мындай адамдан
-1
Erik2018
2018-08-16 16:27:33
Текебаев АША тарабынан камалгандыктан эми толук жазасын алышы керек.Жеңилдик болбошу керек.
-6
uli1234
2018-08-16 16:53:22
Ашаны (Атамбаев) камаш керек, Текебаевдин ордуна
+5
Sabyr_Baymatov
2018-08-17 12:09:24
uli1234, Текебаев деле камала берсин, себебиал өз бир тууган иниси Асылбек Текебаевди өлтүргөн
-1
bek_tash
2018-08-16 17:36:04
Ак үйдү ошол турушу (ичиндегилер) менен абак кылып коюу керек. Тогда, все будет
+2
DNurgiza
2018-08-17 09:47:14
ЧЫгарса эле жакшы деген диогнос коюлат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан