"Өмүрбек Текебаевди эмне эле баатыр кылып жатасыңар, ал болгону кылмышкер" деген оюн бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Зарылбек Рысалиев билдирди.
"Текебаевге карата соттун чечими чыгып, депутаттык мандатынан ажыратылды, ал жөн гана бир кылмышкер. Анын ден соолугун, коопсуздугун айтып жатасыңар, ал кадимки кылмышкерлердей жазасын өтөп чыгышы керек. Башкы прокуратура менен ЖАМК, силер эмне үчүн "кармоонун тартибине жараша отурат" деп эмнеге айта албайсыңар? Текебаевге эч кандай жеңилдик болбошу керек. Абакта камера коюлабы же жокпу Текебаев камалган мекеменин жетекчиси өзү билет, каалаган кишисине коёт", - деди Рысалиев.
Алмамбет Шыкмаматов Зарылбек Рысалиевге жооп кылды.
"Зарылбек Рысалиев ИИМдин, ЖАМКтын жетекчиси болуп иштеген, бул киши мыйзамды билбейт, билбегени үчүн ушинтип сүйлөп жатат. Биз Текебаевдин маселесине окшоп жарандардын укугу бузулбасын, бардык жарандардын укугу корголуш керек деп жатабыз, Текебаевге жеңилдик деген жокпуз, сөздү башкага бурбаш керек", - деди Шыкмаматов.