Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши качан карала турганы белгилүү болду

29-майда Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Мыйзам боюнча биз Жогорку Сотко кайрылууга укугубуз бар. Ошол укугубуздан пайдаланып, Жогорку Сотко кайрылдык. 29-май күнү 10:45те Садыр Жапаровдун иши каралат", - деди Токтосунов.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "Барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Анын адвокаты Токтосунов бул өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан