1-май күнү туулган күнүн белгилеген адамдар сабырдуулук менен тырышчаактык сапаттарга ээ. 1 саны аларды жигердүүлүк жана энергия менен камсыздап турат.
Башка күнү төрөлгөн букачарларга салыштырмалуу дал ушул күнү төрөлгөндөр чыныгы ишмерлер болушат. Көзү жетпесе ишти жөн эле баштай бербейт. Баштаган ишин аягына чыгарган, көп курмандыктарга бара бербеген сапаттарга ээ. Иш баштаарда көңүлүнө таянып эмес, акыл-эси менен жыйынтык чыгарат. Аларды алдоо оңойго турбайт. Анткени калпычы, алдамчыларды көзүнөн билип, алдыда болчу жагымсыз окуяларды көрө билүүгө жөндөмдүү. Ийгиликке дароо эмес, акырындык менен жетет.
1-майда жарыкка келген букачарлар чанда кездешүүчү байкоочулук талантка ээ. Алар коомдо өз оюн дайыма ачык билдирип, ал ойлор элдин кызыгуусун жаратат. Көп сүйлөбөйт, бирок сүйлөгөн ар бир сөзүнүн маанисине көңүл бөлөт. Алардын пикири дайыма конкреттүү жана далилдүү, кээде талаштуу. Тегерегинде болуп жаткан окуяларга кош көңүл мамиле жасабайт.
1-майда төрөлгөндөр үнүнө өзгөчө көңүл бөлүүсү керек. Ал ырчы болобу, алпаруучубу үнү дайыма коргоого муктаж. Анткени ушул күнү төрөлгөндөрдүн эң алсыз жери - үн байламталары болуп эсептелет.
Бул күнү төрөлгөндөр - күлкүнүн күчүн, баркын билген адамдар. Жаман көргөн адамын тамаша аркылуу эле кемсинтип коюшу мүмкүн.
Ал эми сүйүү мамилесинде тең укуктуу мамилеге басым жасашат. Никеге тургандан кийин чанда гана ажырашышат. Бирөөгө баш ийгенди жактырышпайт, кумири дээрлик жок .
Кемчилиги - бетке айткан мүнөзү менен көпчүлүктүн көңүлүн оорутуп алмай жайы бар.