12-март күнү төрөлгөн адамдар харизмасы күчтүү, ачык-айрым болушат. Булардын ачык, шайырдыгы башкалардыкына окшобойт, табиятынан оптимист болгондуктан кайгыруу, капалануу эмне экенин билишпейт. Жакын адамдарына маанайы жоктугун көрсөтүүнү каалабайт.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар дайыма шайыр болууга аракет кылышат. Ошондой эле булар оратор, акылы курч, ар бир нерсени кылдаттык менен жасашат. Адамдар менен пикир алышууну жактыргандыктан айланасында достору көп.
Ал эми сүйүү жаатында өнөктөшүнө кур убада берип, калп эле сүйүүсүн арноону жактырбайт. Эгерде өзүнө ылайык адамды тапса, ал менен үй-бүлө куруп, жашоосун бактылуу көз ирмемдерге толтурууга аракет кылат. Жумуш жаатында болсо кайраттуу, чечкиндүү болушат. Кандай жумуш болбосун, оор болобу же жеңил болобу тез эле өздөштүрүп кете алат. Болгону алардын жумушка болгон каалоосу жана максаты болушу зарыл. Максатын туура коюп, ошого жараша жумуш тандаса сөзсүз ийгилик жарата алышат.