Астротөлгө: 3-июнь күнү төрөлгөн адамдар эмгекчил болобу?

3-июнь күнү шайыр мүнөз, оптимист, жылдыздуу адамдар төрөлөт. Мындай адамдар маанайыңызды көтөрүп, энергия берип турат. Башкалар менен сүйлөшүүдө туура жана таамай сөз айтуу менен сыйга татыйт. Аябай эмоцианалдуу болгондуктан, балп эттире бетке айтмай жөнү бар.

Ушул күнү жарыкка келген эгиздер үчүн айланасындагылардын көңүл бөлгөнү чоң мааниге ээ. Канчалык көп көрүүчү, угуучу анын оюн укса, аларга эргүү келет. Компромисске барганды жакшы көрүүчү десек болот. Анткени айтканынан кайтпай, өзүнүн оюн туура деп эсептейт. Талаш-тартышта оңой менен жеңиле бербейт.

Акылы курч, тамашакөй болгондуктан ачуусуна тийген адамды сөз менен эле тарбиялап коёт. Мындан улам буга чейинки болгон мамиле үзүлүп калышы толук мүмкүн. Бирок чындыкты таамай айтканы алардын чынчыл экенин далилдей алат.

3 санынын алдында төрөлгөндөр эмгекчил болушат. Алар көп кыймыл жасоо - жаштыктын эликсири деп түшүнөт. Ошондуктан карыганда да тытынып иштеп, пенсияга чыга турган убагы келсе дагы, жумушту тандап кетет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alibekovna
2018-06-03 10:18:07
оо супер силер суперсинер да бугун как раз тулган кунум болчу. Чын туура так маалыматтар жазылыптыр. чоон рахмат.
0
Zaina
2018-06-03 10:35:25
Баары туура, менин да туулган кунум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан