22-июлда көк бет, амбициясы күчтүү адамдар төрөлөт. Ушул күнү жарыкка келген адамдар алдыга кандай максат койсо ошол максатына жетиш үчүн бардык нерсени жасайт. Булар көк бет, айтканынан кайтпаган мүнөзүнүн аркасында бардык ийгиликтерди багындыра алат. Ушул күнү жарыкка келгендер акча табуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Булар бир жумуштун артынан сая түшүп ошонун арты менен акча табуунун жолун өздөштүрөт.
Бул күнү төрөлгөн бөйөндөр үй-бүлөсүнө камкор болушат, ошол эле учурда лидерлик сапатка ээ. Үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай бакканы менен өнөктөшүнө акча карматпайт, баарын өзү тейлейт.
Булар адамдар менен оңой тил табышып, кандай жумуш болсо да бат эле аралашып кетет. Ушул күнү жумушта өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп лидер болгусу келген адамдар төрөлөт.