Кенелер Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн да каптап жатабы? Андан сактануунун эрежелери

Социалдык тармакта Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында кенелер бар деген маалымат кызуу талкууга алынды. SUPER.KG порталы Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментинин мите курттар бөлүмүнүн дарыгери Гүлкайыр Орокчиева менен байланышып кенелердин активдүү сезону башталганы, кене чагуусунан коопсуздукту сактоо жана учурдагы абал тууралуу маалымат алдык.

Гүлкайыр Орукчиеванын айтымында, Бишкек шаарынын борборунда кенелер бар болгону менен алар кенелердин коопсуз түрүнө кирет.

"Кенелер учурда көп, анткени азыркы тапта алардын активдүү мезгили жүрүүдө. Активдүү мезгил 2ге бөлүнөт, биринчисине апрель-май-июнь айлары, экинчисине июль-август-сентябрь айлары кирет. Май айында кененин чагуусу көбүрөөк кездешет, анткени майдын башында шаардын тургундары эс алууга тоого чыгышат. Кенелердин кооптуу райондоруна Чүй облусунан Ала-Арча менен Кегети капчыгайы, Ысык-Ата, Кара-Балта жана Кеминдин тоолуу аймактары кирет", - дейт Орокчиева.

Андан тышкары, адис кененин чагуусу кандай ооруларга алып келиши мүмкүн экендиги тууралуу дагы айтып өттү.

"Борбор калаадагы кенелер коопсуз болгону менен бардыгы адамдын иммунитетинен көз каранды. Шаарда кене чакса 1 пайыз коркунучу болот. Кененин чагуусу ар түрдүү ооруларга алып келиши мүмкүн, алар энцефалит, келте жана башкалар. Санэпидкөзөмөлдөө департаментине кененин чагуусу менен 2018-жылы 80ге чукул адам кайрылган. Алардын ичинен борбор калаадан кене чаккандар жок, бардыгы Ала-Арча жана башка тоолуу аймактарда болгон. Биз кенелердин түрүн аныктап, адамдарды тиешелүү ооруканаларга жөнөтөбүз", - дейт ал.

Ошондой эле Орокчиева кененин чагуусунан кантип сактануу жана чагып алган учурда эмне кылыш керек экендигин айтты.

"Тоого эс алууга чыкканда дене ачык калбагандай жабык кийим кийип, чөп үстүнө жатканда сак болуу кажет. Эгерде кене чагып алса, кенеге май тамызуу керек. Андан соң кененин башынан жип менен байлап акырын чыгаруу керек. Эгер башы үзүлүп калса, анда төөнөгүчтү же ийнени отко ысытып, кенени тикенек алгандай алып, ордун йод же спирт менен сүртүү зарыл. Кенени чыгарган соң аны Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментине түрүн аныктаганга алып баруу кажет. Кененин түрүн аныктаган соң департаменттин кызматкери кайсы ооруканага барып кайрылыш керек экендигин айтып берет", - дейт Орокчиева.

Шаардын тургундары үчүн кененин түрүн Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунда аныктайт.

Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү №36, 2-кабат, 203-иш бөлмөсү. Дарыгер энтомолог Гүлкайыр Орокчиева кабыл алат. Байланыш телефондору: 0312 51-10-16. Кененин түрүн аныктоо баасы - 116 сом.

Башка аймактын тургундары үчүн Республикалык кооптуу инфекциялар жана карантин борборунда аныктайт.

Дареги: Бишкек шаары, Скрябин көчөсү №92. Дарыгер энтомолог Зайнидин Мамыров кабыл алат. Байланыш телефону: 0312 54-33-39.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanzada97
2018-05-03 20:39:26
Супер инфо эртенки кундун аба ырайын чыгарып койгулачы? же мен корбой жатамынбы
-1
KAYRATBEK
2018-05-03 20:49:23
Абайлагыла кенелеп кетип балее баспагыла.
+1
Zainidin96
2018-05-03 22:27:07
Зайнидин мамыров дейт атыбыз окшош экен
0
Gulnyr19
2018-05-04 08:39:45
Кенеби же Россиядан жөнөткөн мебелдер менен кошо барган клопторбу?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан