КСДП фракциясы Чек ара кызматынын төрагалыгына депутат Исмаил Исаковдун талапкерлигин сунуштады. Мындай чечим бүгүн, 21-июнда аталган фракциянын жыйынында кабыл алынды. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков Исмаил Исаковдун талапкерлигин сунуштап, калган депутаттар аны колдошту. “Исаков чек ара маселелерин кантип чечүүнү билерин айтты. Бул кызматты ага берели”,- деди эл өкүлү.