7-майда жарык дүйнөгө келгендер өтө акылдуу келип, философиялык негиздерди чыгаруунун үстүндө иштейт. Бул адамдар чыгармачылык үчүн төрөлгөн. Алардан мыкты сүрөтчү, мыкты артисттер чыгат. Эгерде чыгармачылык кесипти аркалабаса, анда сүрөт тартуу же ырдоо алардын хоббисине айланат.
Ушул күнү төрөлгөндөр башкалардын акыбалын сыртынан эле түшүнүү касиетине эгедер. 7 санынын алдында жарык дүйнөгө келгендер жумушуна өтө берилип иштейт. Мындан улам иши үчүн көптөгөн курмандыктарга барат. Байлыкка такыр кызыкпайт. Айланасындагы анча-мынчалар байкабаган кооздуктарды көрө билген адамдар. Табигый сулуулуктун "фанаттары" болушат.
Ушул күнү төрөлгөндөр койгон максатына жетиш үчүн кашык каны калганча күрөшөт. Сүйлөгөндө ток этер жерин чымчып айтат. Кыйытып айтылган сөздөрдү жактырбайт.
Ошондой эле 7-майда төрөлгөн букачарлар жалгыз иштегенди жактырып, кечелерге барбайт.
Жоопкерчиликтүү болгондуктан балдарынын билимдүү болушу үчүн көп кадамдарды жасайт. Аларга эч кандай чектөө койбойт.
Дал ушул күнү төрөлгөндөрдүн жан дүйнөсү назик болгондуктан эмоцияга бат алдырат. Андыктан жылдыздар эмоционалдык күч топтоону сунуштайт.