8-март күнү төрөлгөн адамдар амбициясы күчтүү, өжөр, эмгекчил, өзүнө талапты катуу койгон өзгөчө сапаттарга ээ болушат. Ошондой эле жакын адамдарынын ишенимин актап, жумушта болобу, коомчулукта болобу өз максаттарына жетүү үчүн кандай гана иш болбосун иштөөгө даяр адамдар. Акчаны баалагандыктан кылдаттык менен мамиле жасашат, бул сараңдык эмес, акчаны жөн эле нерсеге корото бербей пайдалуу нерсеге коротууну жакшы көрүшөт.
Ал эми жеке мамилеге абдан олуттуу көз караш менен карашат. Туулган күнү майрам күнгө туш келгендиктен романтикага жакын болушат. Өзүнө ылайыктуу адамды тапса, ага болушунча олуттуу мамиле жасап, камкор, ишенимдүү, күйүмдүү өнөктөш болууга болгон аракетин жумшайт.