Астротөлгө: 7-август күнү төрөлгөндөр чыгармачыл болушабы?

7-августта максаттуу, сезимтал жана чыгармачыл адамдар төрөлөт. Аларды кичинекей кезинен бир багытта тарбиялоо мүмкүн эмес. Себеби көп тармактуу өнүгүүгө жөндөмдүү келип, убактысын бекер сарптагандардан эмес. Дүйнө таанымы, тынымсыз аракети, ошондой эле кызыккан чөйрөдө бат көнүп кетүүсү аларды башкалардан кескин айырмалап турат.

Бул күнү төрөлгөндөр түрдүү идеяларга бай келип, ар дайым башкалар менен бөлүшүүгө даяр болушат.

Эгер көрө албастык же кимдир бирөө тарабынан көпчүлүктүн алдында басмырлоого кабылса, андай адамдар менен жөн гана мамилесин үзүп андан ары жолун улайт.

Искусствонун тармактарынан сүрөт тартууга жан дүйнөсү менен кызыгат. Сүрөт тартуу - алар үчүн дүйнөдө из калтыруунун жападан жалгыз формасы.

Бул күнү төрөлгөндөр ишенимдүү түгөй болуу менен, жашоонун ар бир көз ирмемин кайталангыс белек катары кабыл алышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан