"ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча Осмонбек Артыкбаев жооп бериши керек" дейт Нурбек Токтакунов

"Кытай банкы менен насыялык келишим долбоорун ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев даярдаган, ошондуктан ал ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча жооп бериши керек", - деп 3-майда SUPER.KG порталына "Прецедент" коомдук уюмунун мүчөсү, укук коргоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Токтакуновдун айтымында, учурунда бардык иштер мыйзамдуу аткарылганда 386 миллион доллардын кандайдыр бир бөлүгүн жеп алуулар, ЖЭБдеги авария болмок эмес.

"Кытай банкы менен биздин мамлекететтин келишими боюнча мыйзам долбоорун Осмонбек Артыкбаев даярдаган. Ошол мыйзам долбооруна атайын коррупцияга каршы, экологиялык жана укуктук экспертизаларды жүргүзүш керек болчу. Ушундай экспертизаларды жүргүзүп, талкууга чыгарганда, азыркы кемчиликтер ошондо эле билинмек, бүгүнкүдөй кырсык, коррупциялык иштер болбойт эле. Конституциянын 52-беренесинде жарандар республикалык маанидеги мыйзам долбоорлорун талкуулоого укуктуу экени жазылып турат. Бирок андай болгон эмес. Бул мыйзам долбоорун даярдап жатканда маалымкат-негиздеме жазылат. Ал маалымкат-негиздемеге Артыкбаев "бул мыйзам долбоору боюнча эч кандай коррупцияга каршы, экологиялык, укуктук экспертиза кереги жок" деп жазып, кол койгон.

Мен ушул маселе боюнча Башкы прокуратурага бир жума мурун арыз жазгам. Мыйзам боюнча, 10 күндүн ичинде жооп бериши керек. Арыз жазуумдун эң негизиги себеби маалымкат-негиздемени Артыкбаев даярдап кол койгон, ошол колу үчүн жооп берсин", - деди Токтакунов.

Ал эми Осмонбек Артыкбаевге байланышканыбызда убактысы тар болуп жатканын айтып, кийинчерээк жооп бере турганын билдирди.

Эске салсак, 2017-жылы кытайлык ТВЕА компаниясы Кытайдан насыя катары алынган 386 миллион долларга Бишкек жылуулук электр борборунда оңдоо иштерин жүргүзгөн. Ушул жылдын 26-январь күнү Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jelezo
2018-05-03 20:35:33
Суйлосо мындан акылдуу киши жоктой мыйзам бузса жооп бериши керек
+5
toktor89
2018-05-03 21:28:57
сот,прокурорлордун баарын тыйынга сатып алган ошон учун кылмыш иши козголбойт да
+2
toktor89
2018-05-03 21:30:00
мындайлардын байлыгын окмотко кайтарыш керек алап бериш керек
+2
din_tomas
2018-05-03 21:40:23
Бул "аптекарыбыз" да оорукчан болбосо экен
+1
jbolotov
2018-05-03 22:52:13
Ушундай чыккынчылардын кесепетинен мекенибиз коркунучта болуп атат, Кытайда кредит береберип аны талаптагыдай толой албайтургандай кылып долгосрочный арендага залогунарды бергиле деп ошонун эсебинен орто азияны басуу программасы бар экен. Ушундай болсо ушуга окщогодорду эл жазалаш керек!
+2
Nurtilek001
2018-05-07 22:51:47
Ушуга окшогон акмактардын жегенин ашыгы мн ондуруп тышкы карыздан кутулгула, бул артыкбаев деген неме энергетика министри болуп турганда далайларды сол чонтокко урган, шадиев, артыкбаев, омуркулов, кулматов ж.б нака коррупционерлер, ушуларга окшогон коррупционерлерди сыксанар эле тышкы карыздан кутуласынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан