Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги аварияда күнөө өздөрүндө да бар экенин моюндашты. Бул тууралуу жыйында КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев билдирди.
"Күнөө бизде да бар. Маселе кечээ жаралган жок. Маселенин баары тарифтердин төмөн болуп жаткандыгында. Каржылоо жакшы болбогондуктан кырсык болду. Биринчи маалыматты угушубуз керек, кийин өкмөттүн отставкасы жөнүндө айталы", - деди Арапбаев.
Арапбаевди депутат Акылбек Жапаров ("Бир Бол") да кубаттап, Кытайдын "ТВЕА" компаниясы менен келишимди ратификациялоого депутаттар да катышканын айтты. Жапаров буга байланыштуу депутаттардын да ЖЭБдин алдында жоопкерчилиги бар деген пикирде.