Көзү азиз акын Темирлан Ормуков боштондукка чыкты

Көзү азиз акын Темирлан Ормуковго карата киргизилген 2 айлык санкциянын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, ал 14-майда боло турган сотуна чейин бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, Ормуков биротоло бошотулду деген сөз - калп.

"Активистер Темирлан Ормуковдун жүрөгү кармап калыптыр деген маалымат таратып, 10-майда ал СИЗО-1де кайрадан текшерүүлөрдөн өттү. Текшерүү учурунда анын абалы канаттандырарлык экени белгилүү болгон. Өзү да ден соолугу боюнча даттанган жок. Анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алынган болчу. Бирок Ормуковго киргизилген 2 айлык санкциянын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу СИЗОдон чыкты. 14-майда саат 10:00дө Жогорку Сотто анын иши каралат. Мындан улам аны азырынча бошотулду деп айтканга эрте", - дейт басма сөз катчы.

Эске салсак, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң айткандары жалган делип, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарганы кабарланган.

Кийин Темирлан Ормуков 29-мартта Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынганы жатканда, жактоочусу келер алдында ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. Кийин кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. 5-апрелде тергөө иштери бүткөнгө чейин 2 ай убактылуу кармоочу жайда кармалат деп СИЗО-1ге камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tyka
2018-05-11 19:29:44
Майыпка эч качан жаман соз айтып же кол которгон эмес кыргызда!!! Уялсанар Боло Ким кылса дагы((
+15
Krai
2018-05-11 19:37:26
Сокур болгурлар козу азизди камап
Сокур болосунар го
+13
alikgz
2018-05-11 21:39:16
Дастан Бекешевди жумушунан айдаса дагы эч ким капа болбойт
+8
amirrus
2018-05-12 08:56:11
дастан бекешов уят да озунуз деле козу азиздин жашоосунун даамын билесиз го...Негизи мыйзам бей бечарага гана иштейт
+12
Robi17
2018-05-12 15:39:35
Бул акын Кыргыз акыныбы же Орус акыныбы,коментарийинде жалаң орусча сүйлөйтко
+3
Malik92
2018-05-13 09:02:48
Биздин соттордун таптакыр уяты калбады.Жепжутатыбыз Жылдызхан, журналист кызды он эркеке салып ашарлатам деп коркутса да,олумуш болуп укмаксан-кормоксон болуп койуштуго.Инвалидтти соттоштон коркушпайт.Кудай озу жазаласын сотторду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан