Жогорку Кеңештин депутаттарына WhatsApp аркылуу ЖЭБ боюнча ар кандай маалыматтар келип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 16-майда депутат Дастан Бекешев кабарлады. Анын айтымында, мындай аракет белгисиз адамдар тарабынан атайын уюштурулуп жатат.
"Депутаттардын WhatsApp номурларына белгисиз бирөөдөн ар кандай маалым каттар(справка) жиберилип жатат. Анда "мындай сүйлөгүлө, мындай суроону берип койгула" деп жиберилип жатат. Муну бирөө атайын кылып жатат. Жеке эле мага эмес, башка депутаттарга да келип жатыптыр. Ким экенин билбей жатам. Чалсам өчүрүп коюп жатат", - деди Бекешев.
Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу каралып жатат.