Мурадыл Мадеминов "Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасады" дейт

"Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасап берди", - деген оюн бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов айтты.

"20 жылда кетирилген кемчиликтерди Алмазбек Атамбаев 6 жылдын ичинде жойгонго аракет кылды. 20 жыл биз Өзбекстанга көз каранды болуп турдук. Бир депутатыбыз экс-президентти кол тийбестигинен ажыраталы деген сунушун айтып жатат. Ал депутат 1985-жылы Министрлер кеңешинин дачасында жашап жүргөндө биз талон менен жашап күн өткөргөнбүз. Алмазбек Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасай алды, муну убакыт тастыктап көрсөтөт", - деди Мадеминов.

Айта кетсек, бүгүн,16-майда Жогорку Кеңеште Бишкек жылуулук борборундагы күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Эске салсак, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланып жаткан. Анын жүрүшүндө "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан