ЖЭБ чыры. Сулайманов Сатыбалдиевге: "Биз, депутаттар, базардан келгенбиз да, эсепти билбейбиз"

"ЖЭБди жаңы жерге курганда арзан түшмөк", - деп мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 16-майда парламент жыйынындагы ЖЭБге байланыштуу талкууда билдирди.

"Инвестиция алып келингенине биздин өкмөт жооп берет. Кабыл алууга ошол учурдагы өкмөт жооп берсин. Биздин документте кычкач сыяктуу нерселер көрсөтүлгөн эмес. Демонтаж иштерине да акча кетти. Жаңы жерге курсак, аз акча кетет эле. Биз салыштырмалуу түрдө кошуна өлкөлөрдүкүнөн арзан акчага курганбыз", - деди Сатыбалдиев.

Сатыбалдиевдин бул сөзүнө депутат Алтынбек Сулайманов каршы пикир айтты.

"Жантөрө Жолдошевич "жаңы ЖЭБди курганда арзан болот эле" деп жатат. Жантөрө Жолдошевич аябай акылдуу да. Бул жактагылар базардан келгенбиз, эсепти билбейбиз да. Мына биздин ишенген адамыбыздын логикасын карагыла. Анда эмнеге жаңы жерге курбадыңар”, - деди Сулайманов.

Анын "сиздер мурдагы чакырылыштагы депуттарга "жаңы жерге курсак кымбат түшөт" дегенсиздер" деп айтканына Сатыбалдиев "мындай сөздү айткан эмесмин" деп жооп кылды.

Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча болуп жаткан жыйынын төмөнкү шилтемеден түз эфирден көрүп, окуп турсаңыздар болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sarbo
2018-05-16 13:15:01
Эсепти базарчылардан сурагыла
+8
NURSAPAR
2018-05-16 13:17:08
Өлөрчө каргангыла. Негизи Кытайга окшоп атыш керек элдин көзүнчө, болбосо бири бирине шылтап акыр аягы табылбайт.
+13
taalay25
2018-05-16 13:28:01
Сатыбалдиев түлкүнүн түлкүсү да. Оңойлук менен карматбайт. Бүркүт келип эле белине тепбесе жоруларга алдырбайт
+11
Alixan-Nookat.2015
2018-05-16 13:50:37
Бирок парламентте көпчүлүк депутаттар бизнесмен өзүнүн кызыкчылыгын ойлогондор
+5
NURTILEK_KG
2018-05-16 14:40:14
Ошондо базарда иштегендер эсепти билбей калабы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан