Депутаттык комиссия: "Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча жооптуу адамдардын тизмеси кеңейтилди"

Бүгүн, 8-майда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар боюнча иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны жабык өттү.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат, комиссиянын мүчөсү Исланбек Сарсейитов Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча жооптуу адамдардын тизмеси кеңейтилгенин тастыктады. Анын айтымында, тизмеге көп адам кирген. Ал билдиргендей, тизмеге мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кирген.

Мындан тышкары Сарсейитов депутаттык комиссиянын корутундусуна жыйынга катышкан бардык мүчөлөр кол койгонун белгиледи.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамы:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Улан Примов (комиссиянын төрагасы);

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан