Бүгүн, 18-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге жана экс-депутатка каршы доо арызынан баш тартты. Бул тууралуу КСДП маалымат таратты. Анда “Кыргыз өлкөсүнүн медиа коомчулугундагы жана расмий катталган маалымат каражаттарында акыркы жыл ичинде орун алган позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата менин доо арыздарымдын материалдык бөлүгүн чакыртып алууга мүмкүндүк берет” деп жазылат.
Миллиондук өкүмдөр катары эсте калган бул окуя 2017-жылдын март айында башкы прокурор болуп турган Индира Жолдубаеванын Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарын, экс-депутат Чолпон Жакупованы, “Заноза” сайтын жана “Азаттык” радиосун сотко бергени менен башталган. Ага башкы прокурордун доо арызына ылайык, президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын булгап, кадыр-баркына шек келтирүү негиз болгон. Башкы прокуратура кийинчерээк “Азаттыктын” иши боюнча доо арызын Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен кайтарып алган. Ал эми калган иштер боюнча бардык инстанцияларда сотко берилген журналисттер, экс-депутат жана жактоочулар утулуп, миллиондогон сомду чапчыган доолорго жыгылышкан. Бирок абал бийлик алмашкандан бери өзгөрө баштаган болчу.
3-майда Кыргыз мамлекетиндеги медиа уюмдар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошкон. “2017-жыл президенттин аброюна шек келтирди деп башкы прокурордун журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы берген баш-аягы 60 миллион сомго жеткен доо арыздары менен эсте калды. Жазанын пропорционалдуу эместиги журналисттерди коомго маанилүү маалыматты жеткирүүдө карманууга, өзүн чектөөгө алып келет”, - деп жазылган ал кайрылууда. Жалпы жонунан медиа чөйрөсүндө соңку окуялар журналисттердин пайдасына чечиле башталган болчу. Жогорку Cот журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана экс-депутат, укук коргоочу Чолпон Жакуповага салынган айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгуу чечимин кабыл алып, ишти артка кайтарган. Журналист Элнура Алкановага карата Финпол тарабынан козголгон эки берене боюнча кылмыш иши токтотулган. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго салынган 5 миллион сомдук айыптан баш тарткан. Ага чейин президент Карабековдун макаласын жарыялаган “24 кг” сайтына карата 5 миллион сомдук доодон да баш тарткан болчу. Эми минтип экс-президент Алмазбек Атамбаевдин да доодон баш тартканы бир эле азыркы бийликтин эмес, мурдагы бийликтин да медиа чөйрөсүнө, дегеле сөз эркиндигине карата жибий баштаганын билдирет...
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси болууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, мыйзамды кабыл алууга чейин дагы убакыт бар, бирок ал керек. Эске салсак, өлкөнүн экс-президентин кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу мыйзамды иштеп чыгуу тууралуу сунушка кечээ Жогорку Кеңеш макул болгон.
Экс-президентке кол тийбестик берүү боюнча буга чейин мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров “2000-жылы Өмүрбек Текебаев башында турган топ ошол учурдагы президент Аскар Акаевге кол тийбестик берүүнү киргизишкен” деп айткан. Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамына ылайык, экс-президент кол тийбестик укукка ээ. Аны мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган иш-аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес. Ошондой эле аны кармоого, камакка алууга, тинтүүгө, суракка алууга же жеке текшерүүгө болбойт. Анын кол тийбестик укугу ал ээлеген турак-жайга, кызматтык бөлмөлөргө, транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. Мына дал ушул беренени механизмди иштеп чыгуу аркылуу жокко чыгаруу сунушталып жатат.
Бул биринчи жолку аракет эмес. 2015-жылы Юстиция министрлиги өлкөнүн экс-президентинин кол тийбестигин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. “Кол тийбестикти алып салуу - коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир жолу. Ошого байланыштуу коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазалоодон кутула албастыкты камсыз кылуу максатында мыйзам долбоору менен тиешелүү өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат”, - деп жазылган министрликтин сунуштоосунда. Бирок ал коомдук талкуудан өтпөй калган.
Учурда экс-президент макамына ээ Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев бар. ЖЭБ чуусунун алкагында кой тийгистик көтөрүлүп жатканынан эле маселе Атамбаевге барып такалары ачык болуп калды. Андыктан учурда коомчулукта “ЖЭБ чуусу Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга шылтоо болуп берди” деген пикирлердин орун алганы да жөн жеринен эмес. Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы болуп турганда кол тийгистик тууралуу Өмүрбек Текебаев камакка алынгандан кийин сөз козгогон. “Өлкөдө мындан ары кол тийгистер болбойт. Бул бийликтин бардык бутактарынын азыркы жана мурунку жетекчилерине тийиштүү” деген эле Атамбаев өткөн жылдын февраль айында.
Бул окуянын тегерегинде азырынча экс-президенттер үн ката элек. Ал эми парламенттин каникулга чыгуусуна 1 айдай убакыт калды. Бул аралыкта Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алууга үлгүрбөй калышы мүмкүн. Андай болсо, чоң күрөш күзгө калат...