АКШ Кыргыз өлкөсүндөгү элчилик кызматка талапкерин көрсөттү

АКШ Кыргыз өлкөсүндөгү элчилик кызматка талапкерин көрсөттү. Ак үйдүн интернет сайтына жарыяланган маалыматка караганда бул кызматка 1966-жылы туулган калифорниялык Дональд Лу келиши мүмкүн.

Маалыматка караганда Дональд Лу жогорку дипломатиялык кызматкер жана мамлекеттик кызматтын алдыңкы класстагы кеңешчиси.

Ли буга чейин Тынчтык корпусунун кызматкери катары Батыш Африкада иштеген. Ошондой эле АКШнын Индия, Пакистан, Грузия жана Азербайжандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенген. Ал албан, орус, грузин, азербайжан, урду, хинди жана батыш африкалык крио тилдерин билет.

Кыргыз өлкөсү Дональд Лу үчүн чоочун эмес. Ал 2003-2006 жылдары Бишкектеги АКШнын элчилигинин орунбасарлык кызматын аркалаган. 2005-жылдагы төңкөрүштө ал өлкө аймагында болгон. Кийинчерээк ушул окуяга пикирин билдирип, тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги “демократиядан эмес, демократиянын жетишсиздигинен” улам кулаган деген.

Буга чеийн АКШнын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Шейла Гуолтни болчу. Ал 2017-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salimbek87.kg
2018-05-26 07:42:35
Дональд экен аты мен болсо Дональд трамп өзү элчи болуп келе бекен деп мин.
0
Sabyr_Baymatov
2018-05-26 12:48:20
Кебетеси китайский экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан