Аламүдүн РИИБи тарабынан 1988-жылы туулган Элнура Чоколева изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыз ушул жылдын 7-мартында Лебединовка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.
Кийген кийимдери: көк түстөгү жынсы шым, көгүш ак түстөгү күрмө.
Өзгөчө белгилери: оң колунда “Кундуз” жана сол далысында “АНЭЭ” деп жазылган татуировкалары бар.
Милиция изделип жаткан Элнура тууралуу маалымат билген адамдарды төмөнкү номерлерге байланышка чыгууну өтүнөт.:
0(312) 36-35-27; 0 (700) 67-55-56; 0 (700) 20-96-66; 0 (550) 51-09-05.