"Сооронбай Жээнбеков мунапыс жарыялап, саясий буйрук менен камалгандарды бошотушу керек эле", - деп 12-апрелде маалымат жыйында саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.
Мадумаров туура эмес кылмыш ишин козгогондордун өздөрүнө карата кылмыш ишин козгош керектигин айтты.
"Өмүрбек Текебаевди Кыргыз жараны эмес, сырттан келген адамдын көрсөтмөсү менен камашты. Жээнбеков Нооруз майрамына карата мунапыс жарыялап, саясий буйрук менен камалгандарды бошотушу керек эле. Мен ушундай болот деп күткөм. Чыгарып коюп иликтей берсе болот да", - дейт Адахан Мадумаров.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.