Бишкектин мэри Албек Ибраимов өзүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бере албасын айтты.
"8 жыл өттү, 2011-жылдагы окуя боюнча экен. Баарын эстеп көрүш керек. Кылмыш иши козголгону боюнча эч нерсе уккан жокмун. Акыркы 2 күндөн бери шаардык кеңештин сессиясында отурабыз", - деди Ибраимов.
Айта кетсек, бүгүн "Дастан" ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
"2012-жылы январь айында "ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган. Ал эми "Дастан" мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коому Украинанын мамлекеттик хозрасчёттук компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган, ал партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.
Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. Бул факты боюнча 28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) менен ишин козгоду", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.