Арашандын тургундары УКМК Албек Ибраимовду үйүнөн күч колдонуп алып кеткенин айтып беришти (сүрөт)

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 19-июлда Арашан айылындагы үйүнөн кармалып, камакка алынган. Бүгүн, 20-июлда SUPER.KG'ге аталган айылдын тургундары Албек Ибраимовду УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери күч колдонуп алып кетишкенин айтып беришти. Алардын бири Сабырбек Алкыштиевдин айтымында, атайын даярдыктагы кызматкерлери Ибраимовду кармоо үчүн анын жан сакчыларын жана жумушчуларын сабап салган. Алардын бири оор жаракат алып, ордунан тура албай калган болсо, айрымдары жеңил жаракат алган.

"Албек Ибраимовду УКМКга алып кеткенин анын үйүндө иштеген балдардан барып уктум. Алардын айтканына караганда, 30дай атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери үйгө колдоруна курал-жарак алып кирип, үйдүн сыртынан кайтарган күзөтчүнү, жумушчуларды жана жан сакчыларын кошо сабашыптыр. Бул окуя видеотасмага тартылып калгандыктан анын дискин да жулуп алышыптыр. Бул иш туура эмес. Муну деген басмачылык деп коёт. Өзгөчө жан сакчысын катуу сабаган экен, эки бөйрөгү ооруп, ордунан тура албай жатыптыр. Андан сырткары Ибраимовду саат 13:30 чамаларында кармап кетишкен болсо, саат 13:00дөн 14:30га чейин телефон байланыш таптакыр жок болуп жатты. Эл тосуп чыкпасын деп атайын байланышты үзгүлтүккө учуратышты.

Албек Ибраимов иштеп жүргөндө ичип-жеп койгондур, бирок аны мындай жол менен кармап кетиши туура эмес да. Күнөөсү барбы, коркутуп үркүтпөй эле акырын алып кетсе болот эле го. Мисалы, азыр балдардын сабалганы боюнча бизде далил да жок болуп калды. Себеби видеотасмага түшүп калган жазуулардын баарын алып кетишиптир", - деди Алкыштиев.

Албек Ибраимовду кармап кеткен үйгө барганыбызда Бактыбек аттуу күзөтчү УКМКнын кызматкеринин Ибраимовду кармап кеткенин көргөнүн айтып, бирок жогорудагы айтылган окуялар боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Айыл тургундарынын айтымында, Албек Ибраимов учурда жашап жаткан үйдүн аянты жалпы 33 гектарды түзөт. Сабырбек Алкыштиевдин билдиришинче, бул үй Албек Ибраимовго чоң атасынан калган.

"Албек ушул жерде төрөлүп, ушул жерде өстү. Азыр үйүнүн аянты 33 гектар. Бирок бул жерлерди Албек Ибраимовго эл өзү саткан. "Акча керек, алып койчу" деп эшигин каккылап отуруп сатышкан. Бул бала жалаң гана насыя алып сатып алчу. Мыйзамсыз жол менен тартып алган жок. Эл өзү сатып жатса, анда эмне күнөө бар", - деди Алкыштиев.

Албек Ибраимовдун кармалышына айыл тургундары нааразы болуп, айылдагы маданият үйүнө чогулушуп, коргоо комитетин түзүштү. Ага жалпы 10 адам кирип, алар тергөө калыс, сот адилет чечим чыгаруусун талап кылып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылмакчы болушту.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынын кармалган. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 29-августка чейин тергөө абагында калтырды.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Тийиштүү токтомго премьер-министр 19-июлда кол койгон.

Арашандыктар УКМК Албек Ибраимовду үйүнөн күч колдонуп алып кеткенин айтышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Bazana
2018-07-20 21:51:59
Шадиевти дагы кармаш керек болчу ушинтип .
+9
bond02
2018-07-20 21:55:20
Адам эй адам, озу тойсо да козу тойбойт экен го. 33гектар жерде уй элестет, эми бир суроо Албек мырзага отурган камеранын аянты канча экен?
+5
urmat94
2018-07-20 21:58:54
Чакырганда барбаса анан не эркелетип алып барыш керекпи жакшы кылат охраналары жон эле турса кантип урсун каршылык короткон да алар дагы
+5
NURSAPAR
2018-07-20 21:59:43
Охооо бул киши пахта койгуч окшойт,лизун деп коёт буларды
+9
Sezim.A
2018-07-20 22:25:36
Жаш балдарыбыз менен Россияда 10жыл иштеп быйыл Кудай насип кылып уйлуу болдук,а булар болсо 33г жерге уй салганына жол болсун!!!МЭРдинмаянасы канча болду экен?!Уйундогу кызматкерлерине да айлык толосо керек охххооо жашоо жомоктогудай го.Эми баардык мулкун алып мамлекеттин карызына толоткулочу айланайандар бир чекеси болсо датолонуп калсынчы!!!Келечекте балдарыбыз ойноп кулуп жашоо кечиришсинчиии
+8
Megapoliz
2018-07-21 01:11:44
Бирин олуп Бирин кал
-3
almanbetperm
2018-07-21 01:59:57
Атангору 33 гектар жер бул деген бир айылдын улуш жериго, даа красиво жить не запретишь
+7
portugalia
2018-07-21 10:01:50
33гектар жерди ээлеп жаткан экен да.Айылдашынвн оозун майлап койгон окшойт.Жазасын алсын эми
+1
adiaza
2018-07-21 10:20:20
Айылдаштарына акча толоп берсе алар митинг кыла беришет да акчага кызыгып
+2
KENEWBEK88
2018-07-21 10:35:26
Эч мактай турган эл башчылар барбы бизде
0
KENEWBEK88
2018-07-21 10:38:01
Кубаныч Нурматов дегени бар ошол эң жакшысы
0
al-abu-kinesz
2018-07-21 11:15:00
Ушундай элдин ырыскысын жегендер менен кошоматчылардын кесепетинен алга жылуу деген жок да. Алкыштиев Арзыматтын урпактарынан окшойсун? Жугундукор бир соз менен айтканда..
+3
happy15
2018-07-22 18:23:02
4сотых жер ала албай журобуз
0
RusMos76
2018-07-23 01:01:58
33гектар жашаган жери эле болсо бети жок экен, териштиргиле эми жакшылап ошончо жумушчуну МЭРдин айлыгы менен кантип багып атат уяты жок экен да МЭРлике барбай койсо деле балким билинбей калмак беле эми озунун шору!!!
0
Jyrgal_msk
2018-07-23 15:36:29
Жеримди алып койчу деп элдер бир гана Ибраимовго жалдырап барыптырбы?Калпты окшоштуруп айтсан болмок гражданин Алкыштиев.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан