УКМК: "Албек Ибраимовдун сөзү" деп тараган аудио боюнча чара көрүлөт"

УКМК Бишкек шаарынын экс-мэри "Албек Ибраимовдун сөзү" деп интернетке тараган аудио боюнча чара көрөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда SUPER.KG'ге УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Биздин ал аудиого тиешебиз жок, биз тараткан эмеспиз. Тараган аудио боюнча чара көрүлүп, иликтенет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов УКМК тарабынан камакка алынгандан кийин, 21-июлда интернетте Ибраимовдун сүйлөгөн сөзү делген аудио тараган. Ал видеодон экс-мэрдин үнүнө окшогон адамдын каршылык көрсөтөрүн айтып жатканын угууга болот.

"Коррупция үчүн 20 жыл отурганга караганда киши өлтүрүүгө аз мөөнөт аласың. Мен өзүм тээтиги "вышканын" үстүнө снайперди коюп коём", - деп айтылат аудиодо. Аудио жаздыруудагы үндүн Албек Ибраимовго тийиштүү экендиги боюнча маалымат тастыктала элек.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынын кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2018-07-23 10:58:07
чондор жан талпас кылып ар нерсеге барат, булардан ар нерсени кутсо болот
0
bekmirzach
2018-07-23 11:09:44
Коррупцияга айыпталып, камакка алынган А. Ибраимовдун тарапташтарын. Кыязы, А. Ибраимовдун тууган-туушкандары борбор калаада митинг уюштурууну көздөп турушат окшойт. Макул, Албек мырзанын тарапташтары митинг өткөрө беришсин дейли. Бул алардын укугу. Бирок, аларды эмнеге «Манас» аэропортуна таандык автобустар ташып атат? Же аэропорттун жетекчилиги А. Ибраимовго өзгөчө кызмат көрсөтүшөбү? Мына ушуга тиешелүү органдар көңүл буруп коюшаар деген үмүттөбүз.
+9
sinej
2018-07-23 11:34:00
УКМК Жээнбековдорду эмне учун сурака алышпайт.
0
Bazake
2018-07-24 09:43:55
sinej,Жээнбеков таза иштеген, булганбаган, мамлекеттин казынасына тырмагын да салган эмес. Ошондуктан аны суракка алганга негиз жок. УКМК суракты Атамбаевден башташы керек
0
kechirmeni
2018-07-23 11:44:03
Албек учурунда алдын эми Кусбек или Бербек
+4
sabira.1990
2018-07-23 11:47:26
kechirmeni плюс басам деп минус басылып калды
+4
gulmi
2018-07-23 15:44:12
7 апрельдеги кармалды деген снайперлердин чоо-жайын Албек менен Бекназаровдон сураш керек.Кармадык,Бакиевдер жалдаган снайперлерди деп Бекназаров кыйкырып жургон 2010 жылы.
0
bekmirzach
2018-07-24 09:46:41
А.Ибраимов 2013-2016-жылдары “Манас” аэропортун жетектеген. Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун маалыматтарына ылайык, АША президент болуп турганда Гонконгдон Кыргызстанга контрабандалык жүк ташыган 50 дөн ашык учак келиптир. Аэропортко келип жаткан жүктөрдү анын жетекчиси билбейт деп маңыроо гана ойлошу мүмкүн. Албек Ибраимовдун анын канча каттамына катышы бар болду экен? Ал жүктөрдү сатуудан түшкөн кирешенин бир бөлүгү Албек Ибраимовдун капчыгын кампайтып келгени аныкталса, ага таң калбай эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан